Menu

Кара-Суу районунда мечит имамдарына айлык отчетторду саппаттуу жазуу талабы коюлду

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-декабрда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө мечиттердин имамдарынын айлык отчетторунун жазуу тартиби талкууланды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган жыйынга Ош облустук казыятынын иш башкарма башчысы Абдыжапар ажы Жакыпов, казыяттын башкы эсепчиси Майрамбек кары Кулуев, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби Жахангир ажы Масаидов жана мечит имамдары катышты. Жыйындын жүрүшүндө Абдыжапар ажы Жакыпов отчет берүүнүн толукталган жаңы формасынын тартиби менен тааныштырып, өзгөртүлгөн өзгөчөлүктөрдү түшүндүрдү. Мындан сырткары отчетту жазууда мечит имамдарынын КР Копсуздук Кенешинин чечимдерине байланышкан жана  үгүт-насаат иштерин алып баруудагы иш чараларга өзгөчө көңүл буруп, аткарылган аракеттерди так жана аргументтер менен жазуу талабын койду. Ошондой эле казыяттын башкы эсепчиси Майрамбек кары Кулуев мечиттердеги финансылык-чарбалык иштерди жүргүзүүдө тиешелүү стандарттарга жетишүү керектигин белгилеп, финансылык иш-аракеттерди 1S программасында  аткаруу сунушун берди. Ал эми мечит имамдары иш кагаздарын жүргүзүү жана финансылык отчеттордо консультациялык жардам керектигин айтышып, атайын семинар уюштурууну суранышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: