Чет өлкөдө жүргөн түркмөнстандыктар Мамлекеттик банк киргизген чектөөгө байланыштуу Visa төлөм карталарын колдонууда кыйынчылыктарга туш болушту.
Түркия жана Европа өлкөлөрүндө жүргөн түркмөнстандыктар “Азаттыктын” түркмөн кызматына билдиришкендей, учурда банкоматтардан накталай акча алмак тургай, соода же кызматтар үчүн төлөм жүргүзө албай жатышат.
“Азаттыктын” өкмөттөгү булактарынын маалымдашынча, Тышкы экономикалык банк буга чейинки чектөөлөрдү дагы катаалдаштырды. Ага ылайык, бир күндө 25 АКШ долларын гана накталай түргө которууга, картадан 100 долларга чейин төлөм жүргүзүүгө уруксат берилди.
“Азаттыктын” түркмөн кызматыны суранычы менен Түркияда жүргөн жарандар 25 доллар менен 25 еврону накталай түрдө алууга аракет жасашкан. Бирок эки учурда тең банкоматтардын экрандарында “транзакция четке кагылды, өз банкыңызга кайрылыңыз” деген жазуу чыккан.
Түркмөн каржы бийлиги валюталарын конвертациялоону суранып, карталарын чет өлкөгө чыккан тааныштарына берген жарандарды дагы көзөмөлдөшүүдө. Маалыматтар боюнча учурда бир нече киши административдик жоопкерчиликке тартылышты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ