Menu

Дастанбек Жумабеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ташкентте Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолукту. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Алгач Өзбекстан Президенти 2017-жыл эки өлкө ортосундагы мамилелер жакшырган тарыхый жыл болгонун белгиледи. Ошону менен катар, жакында эле шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи расмий иш сапарлары Өзбекстандан баштаганына жогору баа бергендигин билдирди. “Досум жана бир тууганым Алмазбек Шаршенович менен мамлекеттер аралык маселелерди ачык-айкын талкуулап, сүйлөшүүлөр татаал болгонуна карабай ниетибизге жеттик. Эми Президент Сооронбай Шарипович менен дагы кызматташуубузду мындан ары улантабыз. Соода-сатык көлөмүн кескин арттырабыз. Транспорт, темир жол байланыштарын жандандырууга өзгөчө көңүл бурабыз”, – деди Өзбекстан Президенти.

Ал эми парламенттер аралык кызматташууга дагы жол ачылганына токтолгон Ш.Мирзиеев: “Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттери достугубуздун данакери болуп калышы керек”, – деген пикирин айтты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков болсо, өзбек тараптын чакыруусуна жана меймандос мамилесине ыраазычылык билдирүү менен сөзүн баштады. “Менин алгачкы расмий иш сапарым бир тууган Өзбекстанда өтүп жаткандыгы өтө символикалуу. Жыйырма жыл аралыгында биздин боордош элибиз бири-бири менен эркин баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө жетише албай, белгилүү жагдайлардан улам кысынып келишти. Бирок, элибиздин чыдамкайлуулугу өз үзүрүн берди. Быйылкы жылы биздин жарандарды байланыштырган көп кылымдан берки тарыхыбыз, байыртан бери калыптан достугубуз, руханий боордоштугубуз жаңы кубат-демге ээ болду. Эми бир тууган эки мамлекеттин жүз миңдеген жарандарынын эриш-аркак жашоосу үчүн тоскоол болгон бөгөттөр четтетилди. Ушул кооз өлкөгө келгениме, сиз менен жолугушуп, Олий Мажилистеги өзүбүздүн кесиптештер менен да баарлашканыма өтө кубанычтамын. Быйылкы жыл эки мамлекеттин тарыхына кирерине мен терең ишенем. Айрыкча, биздин өлкөлөрдүн мындан аркы мамилелери жана жетишкендиктери тарых барактарына алтын тамгалар менен жазыларына үмүтүм чоң”, – деди ал.

Андан сырткары, Төрага үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда жетишилген Кызматташтык жөнүндө меморандум эки мамлекеттин парламенттер аралык кызматташуусундагы алгачкы кадамдардан болгонун белгилеп, ошол Меморандумду жүзөгө ашыруу максатында, бүгүн Ташкентте 2018-жылга карата Парламенттер аралык кызматташуунун планына кол коюларын маалымдады.

Кошумчалай кетсек, Президент Ш.Мирзиеев менен болгон жолугушууга кыргыз тараптан ЖК Төрагасынан сырткары Кыргыз-Өзбек парламент депутаттарынын достук тобунун башчысы, депутат Алмасбек Акматов жана Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков катышты.

Элчи Данияр Сыдыков Өзбекстан Президенти менен болгон бул жолугушуу абдан жылуу жана ачык маанайда өткөнүн жана протоколдо белгиленген убакыттан ашык кыйла узакка созулганын айтты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация эки күндүк расмий иш сапар менен Өзбекстанда жүрөт.  Делегациянын курамында депутаттар Алмасбек Акматов, Азизбек Турсунбаев, Мурадыл Мадеминов, Алиярбек Абжалиев, Камчыбек Жолдошбаев, Бакирдин Субанбеков, Сайдулла Нышанов, Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков бар.

Аталган расмий сапары учурунда Жогорку Кеңештин Төрагасы  Дастанбек Жумабеков Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы парламенттер аралык кызматташууну жандандыруу багытындагы документтерге кол коюшу күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: