Menu

Сапар Исаков «Кыргызмунайгаз» ААК финансы-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 21-декабрда, «Кыргызмунайгаз» ААКтагы учурдагы абал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргызмунайгаз» ААК башкармалыгынын төрагасы Рашит Бостонов Өкмөт башчыга компаниянын актуалдуу көйгөйлөрү тууралуу маалымат берди.

«Бир нече жылдан бери ишканада бир топ көйгөйлөр орун алууда, алар ириде компанияны башкаруунун төмөнкү натыйжалуулугу, продукция өндүрүүдөгү туруксуздук, запастардын жогорулатылбай жаткандыгы, мазуттун талапка ылайык эмес өндүрүлүшү, ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдогу КММ кайра иштетүүнүн төмөндөшү менен байланыштуу», – деп маалымдады «Кыргызмунайгаз» ААК башкармалыгынын төрагасы.

Анын айтымында, учурда сырьену кайра иштетүү менен «Кыргызмунайгаздын» туунду компаниясы – «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК алектенүүдө, ал Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына жооп бербеген бензин жана дизелдик отун өндүрөт. Заводдун продукциясы талаптарга дал келүүсү үчүн аны модернизациялоо зарыл, аны олуттуу инвестицияларды тартуусуз ишке ашыруу мүмкүн эмес.

«Кыргызмунайгаз» ААК тарабынан мунай жана газды өндүрүү чоң эмес көлөмдө жүрөт, тактап айтканда, 2016-жылы 94,4 миң тонна мунай жана 28,92 млн кубометр жаратылыш газы өндүрүлгөн. Газды өндүрүүнүн бул көлөмү менен республиканын түштүк аймагынын калктуу пункттарын толугу менен газдаштырууга мүмкүн эмес. Компания ишине инвестиция тартылбастан, учурдагы абал сактала берсе, Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун резервуарлары отун мазутуна толуп калуусу ыктымал. Эски технологияларды пайдалануунун натыйжасында өндүрүштүн өздүк наркынын жогорулашына байланыштуу чийки мунайды кайра иштетүүнүн жана мунай продуктуларын сатуунун токтоп калуу коркунучу бар», – деди Рашит Бостонов.

Бир катар көйгөйлөрдү белгилөө менен «Кыргызмунайгаз» ААК башкармалыгынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө «Кыргызмунайгаз» ишканасын мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн инвесторду тартуунун максатка ылайыктуулугун кароо сунушу менен чыкты.

Маалыматты уккан соң, Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөт Аппаратынын тийиштүү бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана «Кыргызмунайгаз» ААК менен биргеликте беш күндүн ичинде абалды иликтеп, ишканадагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуштарды кароого киргизүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: