Menu

Түркмөн бийлиги студенттерди стипендиядан баш тартууга мажбурлоодо

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда жогорку окуу жайлардын студенттерин стипендиядан өз ыктыяры менен баш тартуу боюнча арыз жазууга мажбурлашууда.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, студенттер ата-энелеринин кирешелери тууралуу маалымкат тапшырышып, стипендияга муктаж эместиги тууралуу арыз жазууга аргасыз болушууда.

Магтымгулы атындагы Мамлекеттик улуттук университеттин атын атагысы келбеген студентинин айтымында, 2018-жылдын сентябрь айынан тарта стипендиялар берилбей турганы эскертилген.

1-январдан тарта студенттер үй-бүлө кирешеси тууралуу маалымкат тапшыруулары керек.

Бийликтин стипендияларды жоюу планын расмий булактардан тактоого мүмкүн болгон жок. Бул арада түркмөн ММКлары 2018-жылы 1-январдан тарта маяна, пенсия, стипендия жана социалдык төлөмдөр 10 пайызга жогорулай турагын маалымдашууда.

Түркмөнстанда жогорку окуу жайлардын студенттеринин стипендиясы 700-1100 манатты (Түркмөнстандагы расмий курс боюнча 3.5 манат – 1 АКШ долларына барабар) түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: