Menu

Рамзан Кадыров “Магнитски тизмесине” киргизилиши боюнча үн катты

Бөлүшүү:

Кремль Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун “Магнитски тизмесине” киргизилгени үчүн ага каршы окшош жооп кайтарылышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Песков “Америка тараптан Кадыровго ким тең келет” деген суроого: “Аларда мындай кишилер аз” деп жооп берди.

Бир күн мурда Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровго каршы каржылык санкцияны Магнитски мыйзамына ылайык киргизген. Аны менен кошо дагы төрт орусиялык жаран санкциялык тизмеге кошулган. АКШ бийлигинин версиясы боюнча Кадыров кишилерди сотсуз жазалоого, кыйноого жана башка адам укуктарын бузууга жоопкер.

Кадыров өзүнүн “Магнитски тизмесине” киргизилиши боюнча Инстаграмда комментарий берди. Ал өз өмүрүн чет өлкөлүк террористтерге каршы күрөшүүгө арнаганы үчүн АКШ аны кечирбей жатканын жазды. Социалдык түйүнгө жарыялаган видеосунда Кадыров “азырынча АКШ жерине кадам таштоого буйрук түшө электигин” айтып, кабатыр болбоого чакырган.

Чеченстанда ондогон кумсаларды полиция кармап, кыйноого алып, кемсинткенин быйыл жыл башында “Новая газета” жазып чыккан эле. Кийин “Хьюман Райтс Уочт” уюму кумсаларга каршы өнөктүк чечен бийлигинин көрсөтмөсү менен жүргүзүлгөнүн билдирген. Кадыров буга тиешеси бар экенин четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: