Нью-Йорктогу BNY Mellon банкы Казакстан Улуттук фондунун 22,6 миллиард доллар өлчөмүндөгү активдерин тоңдурду. Буга казак өкмөтү менен молдовалык инвесторлордун ортосундагы юридикалык талаш себеп болду.
Молдовалык ишкер Анатолие Стати жана анын компаниясы буга чейин Казакстан өкмөтүн сотто утуп алган. Инвестордун чыгымдарды жабуу жана төлөө боюнча талабы – Казакстандын мунай кирешелеринин 40 пайызын тоңдурууга алып келди.
Буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанада 6-декабрда өткөн жалпы улуттук телекөпүрөдө акчасын чет өлкөдө сактаган казак компанияларга катуу эскертүү жасаган. Ал 18 казакстандык ишкананын 12,5 миллиард доллардай акчасы чет мамлекетте экенин айтып, аларды артка алып келүүнү талап кылган.
Назарбаев акча Казакстанга кайтса, өлкө экономикасына жардам болорун, антпесе казак ишкерлери акчасынан кол жууп калышы мүмкүндүгүн белгилеген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ