Жылдызбек Керимбаев
КТРКнын Байкоочу кеӊешинин эки мүчөсү жаңыртылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилип, КР Президентинин сунушу менен журналисттер Жылдызбек Керимбаев менен Сыягүл Караман Байкоочу кеӊештин курамына кошулду. Мындай маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы жарыялады.
Белгилей кетсек, КТРКнын Байкоочу кеӊешинин Атамбаевди сындаган эки мүчөсү өз каалоосу менен Байкоочу кеӊештин курамынан чыгары тууралуу арыз менен кайрылышкан.
Жылдызбек Керимбаев социалдык тармактарда Алмаз Атамбаевдин фанаты катары белгилүү. Ал эми Сыягүл Караман Россиянын президенти В.Путинден Алмаз Атамбаев тууралу интервью алып, кеңири чөйрөгө таанылган.
Сыягүл Караман Владимир Путин менен
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ