Menu

Тажикстанда “Салафизм” идеясын жактагандар соттолду

Бөлүшүү:

Худжандда «Салафия» кыймылынын үч жактоочусу 5 жылдан эркинен ажыратылды. Алар экстремисттик ишмердүүлүк уюштуруу боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Салафизм идеасын жактабай, бирок мечиттерде бөтөнчө намазга жыгылган адамдар тууралуу укук коргоо органдарына маалымат бербегени үчүн үч киши 6 айдан абакка кесилди.

Соттолгондор диний билимге ээ болгон эмес, “Салафия” кыймылына интернет аркылуу киришкен. Алардын бири социалдык түйүндөрдө “Юганск муфтийи” деген ник менен белгилүү болгон.

Маалыматтарга караганда, соттолгондордун бири, 37 жаштагы Мухиддин Мирзоев башкаларды тыюу салынган агымдын катарына тарткан. Ал орто билимге ээ, унаа ремонттоп иштеген. Салафизм идеасына 2011-жылы эле Сауд Арабияда жашаган агасынын таасири менен WhatsApp месенжери аркылуу тартылган.

Тажикстанда Жогорку сот “Салафия” кыймылын 2009-жылы экстремисттик деп таап, өлкөдө анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: