Menu

БУУ Иерусалимди Израилдин борбору деп таануудан баш тартты

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Иерусалимди Израилдин борбору деп эсептеген АКШнын чечимин тааныбоо тууралуу резолюцияны кабыл алды.

Документти Кошмо Штаттардан башка БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон бардык өлкөлөр колдошту. Андан тышкары тогуз өлкө резолюцияга каршылыгын билдирсе, дагы 35и добуш берүүдөн карманышты.

Бул чукул жыйын БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюция долбооруна АКШ вето койгондон кийин чакырылган. Анда Коопсуздук кеңешинин 14 өлкөсү бул документти колдошкон. 21-декабрда кабыл алынган резолюциянын тексти Вашингтон артка кайтарган долбоордун тексти менен дээрлик бирдей мазмунда.

Резолюцияда Иерусалимди Израилдин борбору катары таануудан баш тартуу чакырыгы жазылып, бирок АКШ тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Ошондой эле анда «Иерусалим боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына дал келбеген чечимдер юридикалык күчкө ээ болбой тургандыгы жазылган.

Мурдараак АКШнын президенти Доналд Трамп бул резолюцияны колдогон мамлекеттерге каржылык жардамды чектей турганын эскерткен. Палестинанын жетекчилиги АКШ БУУнун курамындагы өлкөлөрдү “коркутуп жатканын” айтып чыккан.

6-декабрда президент Трамп АКШнын Израилдеги элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө даярдык көрүү буйругун берген. Трамптын чечимин араб өлкөлөрү кескин сынга алып, палестин жергесинде массалык нааразылыктар башталган.

Израил Иерусалимди өзүнүн борбору деп эсептейт. БУУ шаардын чыгыш бөлүгү мыйзамсыз басылып алынган деп эсептейт. 1995-жылы АКШ Конгресси элчиликти Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүү тууралуу мыйзам кабыл алган, бирок шаардын талаштуу макамынан улам бул ишке ашкан эмес. Жакынкы убактарга чейин эле Вашингтон “Иерусалим эч бир тарапка таандык эмес, шаардын макамы тынчтык келишимдерден кийин гана аныкталат” деп эсептеп келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: