Menu

Сооронбай Жээнбеков «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-декабрда «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысына кошумча энергетикалык кубаттуулуктарды киргизүү боюнча ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор, энергетика тармагын өнүктүрүү, тармакты башкаруу системасында жасалып жаткан реформалар тууралуу маалымат берилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков энергетикалык тармак өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы чоң алдыңкы тармак экенин белгиледи. Ал калкты электр менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанисин, калктын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу жана экспорттук потенциалды жогорулатуу максатында кубаттуулуктун резервин жана энергетикалык кубаттуулукту киргизүү боюнча аткарылып жаткан иштердин маанисин белгиледи.

Айбек Калиев Мамлекет башчысына Кыргызстандын энергетикалык системасы туруктуу тартипте иштеп жатканын, өлкө боюнча электр энергиясын колдонуу саатына 61 млн. кВт. түзгөнүн билдирди.

“20-декабрда Токтогул ГЭСинде экинчи трансформатор ишке киргизилген жана бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу 1100-1200 мВт түзөт. Биз Бишкек шаарынын ТЭЦине болгон оорчулукту 420дан 370-350 мВт чейин жеңилдеттик. Бул отун жана каржылык ресурстарды үнөмдөөгө дагы багытталган”, – деп билдирди Айбек Калиев.

Ал Аймактарды өнүктүрүү концепциясын (20 пилоттук шаар) эске алуу менен энергетикалык тармакты 2018-жылга карата өнүктүрүү Планы менен Концепциясы иштелип чыкканын маалымдады.

“Биз ар бир область боюнча планды иштеп чыгып, эми 2023-жылга чейин генерациянын кайсы булактары аркылуу иштей турганыбызды пландаштырып жатабыз”, – деп билдирди Айбек Калиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: