Menu

Түркмөнстандын түндүгүндө мал жандыктары кырылууда

Бөлүшүү:

Дашогуз облусунун көптөгөн райондорунда акыркы бир нече айда белгисиз жугуштуу илдеттен улам мал жандыктары кырылууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирүүдө.

“Илдет жугузган мал бир жума жашабай, тез өлүп калууда. Алгач теринин алдында өрүктүн данегиндей шишик пайда болууда. Мал жем-чөп жебей, бутунан тура албай жан берүүдө”, – деди дашогүздүк жашоочулардын бири.

Жергиликтүү ветеринарлар дагы бул вирусту аныктай албай жатышканы кабарланууда. Буга байланыштуу эмдөө иштери жүргөн жок.

“Эмне кылышты билбей калдык. Малыбыз кырылууда. Ылаңдаган малдын этин жана сүтүн сатуу коркунучтуу, элге оору жуктуруп алышыбыз мүмкүн. Бийлик өкүлдөрү вирус аныкталса гана жардам беришерин айтышты”, – деди дагы бир жергиликтүү тургун.

Былтыр жыл соңунда Түркмөнстандын бир нече аймактарында мал жандыктары жана үй канаттуулары сибир кулгунасынан кырылганы маалымдалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: