Menu

Жээнбеков 25-декабрда Казакстанга, ал эми 26-декабрда Путиндин чакыруусу менен Орусияга барат

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-26-декабрь күндөрү казак тараптын чакыруусу менен Астанага расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Анын айтымында, сапардын алкагында Жээнбековдун Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен чакан чөйрөдө жолугушуусу пландалууда. Андан тышкары кеңири форматтагы жолугушуу болуп, лидерлер ЕАЭБдин алкагында кызматташуу маселелерин талкуулайт деп күтүлүүдө.

Андан соң Жээнбеков 26-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага иш сапары менен барып, КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

«Бейформал жолугушуунун алкагында эл аралык жана аймактык күн тартиптеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот деп күтүлүүдө», – деди Айзада Субакожоева.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: