Menu

Сузак районундагы айыл округ имамдары спорттук иш чараларын жыйынтыктады

Бөлүшүү:

“Ыйман адеп, жана маданият” жылына жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында Жалал-Абад облусунун Сузак райондук хатибиятынын демилгеси менен айыл өкмөттөр аралык дин кызматкерлеринин ортосунда футбол оюну боюнча финалдык беттешүү уюштурулуп, айыл имамдары кызыктуу оюн уюштуруп беришти. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Беттешүүнүн жыйынтыгында  1-орунга Кара-Дарыя айыл окуругун имамдары ээ болсо, 2-орунду С. Атабеков айыл округунун имамдары багындырды. Ал эми 3-орунга Сузак айыл округунун имамдары чыгышты. Финалдык беттеште орунга ээ болгондор Сузак райондук хатибияты тарабынан диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Эске салсак, Сузак районундагы имамдар ден соолукту бекемдөө маскатында спорттук иш чараларын өткөрүп туруу чечимин кабыл алып, буга чейин айыл өкмөттүн имамдары футбол талаасында беттешишкен болчу. Аталган райондо жалпысынан 1 шаарча, 13 айыл өкмөт бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: