Menu

Нарында айдоочу жол коопсуздугунун инспекторун көкүрөгүнө уруп, формасын айрыган

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-декабрда саат күндүзгү 12.00. чамасында Нарын шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча инспектор Toyota Gaia үлгүсүндөгү автоунааны жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппул салууга документтерин талап кылат.

Жол инспектору айдоочу унаасын уруксат берилбеген жерге токтоткун түшүндүрөт. Бирок унаанын айдоочусу, 1977-жылы туулган Б.Б. инспекторго орой сүйлөп кагып салат.

Инспектор экинчи жолу кайталап, документтерди талап кылганда айдоочу унаасынан чыгат да инспекторду көкүрөккө урат. Натыйжада, инспектордун кызматтык формасы айрылып, көкүрөгүнө тагылган видеорегистратору талкаланат.

Азыркы учурда Нарын шаардык милициясы Б.Б. аттуу жаранды камакка алып, ага каршы КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: