Menu

Бексултан Жакиевдин Манас менен Каныкейдин төшөк оюндарын сүрөттөгөн китеби мектептерден алынды

Бөлүшүү:

2010-жылдан кийинки жаңы бийликтен “Кыргыз эл баатыры” деген наам алган жазуучу Бексултан Жакиевдин мектеп окуучулары үчүн жазган “Манас” китеби мектеп программасынан чийилип, китепканалардан жыйналып алынды. Бул тууралу КР Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын отурумунда КР Билим берүү министрлигинин стат-катчысы Калысбек Шадыханов билдирди.

Бексултан Жакиевдин бул китеби 2011-жылы басылып, республика боюнча мектептерге таратылган экен. Андан кийин 2015-жылы кайра басылып кайрадан экинчи жолу мектептерге таркатылган.

Быйыл, 2017-жылы гана Ош облусунун Кара-Суу районунун бир мектебинин мугалими бул китеп боюнча жогорку инстанцияларга кат жолдогон. Көрсө Бексултан Жакиев мектеп окуучулары үчүн жазылган “Манас” китебинде Манас атабыз менен Каныкей апабыздын жаңы үйлөнгөн түндөгү төшөк оюндарын ашкере майдалап сүрөттөп, эротикалык чыгармага айлантып жибериптир. Мектеп окуучулары болсо 6 жылдан бери Кыргыз эл баатырынын фантазиясы менен сүрөттөлгөн Манас менен Каныкейдин төшөк оюндарын окуп үйрөнүп жүрүшүптүр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: