Мурда деле бар-жогу белгисиз болчу. Кагаз жүзүндө ушундай депутат бар экен деп билгенибиз болбосо, аны эч ким деле этибарга алчу эмес. Сөз Мөңгү мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, ММК-ларга үстөккө-босток маек берип чуркап жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров тууралуу болуп жатат. Мына ушул Назаров деген эргул аталган мыйзам кабыл алынгандан бери кумга сиңген суудай жоголду. Элдин атынан
келип алып, эптеп бир мыйзамды, болгондо да коомдо чуу жараткан мыйзамды алып чыгуу менен депутаттык милдеттен кутулуп койдум деп тырайып жатып алса анда Айтмамат мырза чоң жаңылышат. Учурунда мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн өпкө жүрөгүн кошо чаап жаткандай эмнеге азыр иштебей атат? Деги ушул аты-жыты белгисиз, заты депутаттыкка татыбаган, элге бир тыйынчалык пайдасы жок депутаттардан Жогорку Кеңеш качан арылат?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ