Menu

Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Акылбек Султанов Мамлекет башчысына өлкөдөгү статистикалык каттоо системасын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан жумуштар жана Улуттук статистикалык комитеттин ишмердиги боюнча маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик статистика экономика тармагында жана коомдук ишмердикте башкаруучу чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик органдар үчүн маанилүү курал жана маалымат булагы экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы маалыматтарды берүү ыкчамдыгы, алардын сапаты жана  анын чындыкка дал келишин камсыздоо үчүн маалыматты чогултуу жана аны иштеп чыгуунун жаңы прогрессивдүү ыкмаларын киргизүүнүн  өзгөчө маанисин белгиледи. Мында ал эл аралык практикада колдонулган эрежелерге жана стандарттарга ылайык илимий жолдорду жана алдыңкы ыкмаларды колдонуу керектигин эскертти.

Президент Сооронбай Жээнбеков “КМШга катышуучу мамлекеттерде 2020-жылдын раундунун калкты каттоону жүргүзүү жөнүндө” КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечимдеринин алкагында калкты жана турак фондун каттоого даярдык көрүү жумуштарын кылдат жана сапаттуу өткөрүү керектигин жана өлкөнүн социалдык-экономикалык саясатын баалоо жана ишке ашыруу үчүн бул иш-чаранын маанисин  баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: