Аткара турган ишинин баш аягын таба албай жатып, кыз-кыркын дегенде жантыгынан жата калмай адаты бар аткаминерлер арбып барат. Капчыгы калыңдаса эле киндиктен ылдый аң сезими өсө баштагандар башын көтөрүп элди бир караганды унутуп калышат экен. Кайсы бир сулуучумактар үчүн жалпы элдин кызыкчылыгынан ошол бийкечтин тууган туушкандарынын маселесин жогору койгондорду көрүп эле жүрөбүз. Эми кептин түзүнө келсек Нарын областына караштуу Ак-Талаа районун акими Семетей Черикбаевге нааразы болгон ак-талаалыктар бизге кайрылышты. «Семетей мырзанын өзүм билемдик саясатын ким тыят?» -дешип. Көрсө, Семетей мырзаң башта айткандай ким бирөөнүн кылыгы, «тоюс» кызыкчылыгы үчүн элдин маселесин чечпей, өзүм билемдик саясат менен Ак талаага «Шералы хан» болуп алыптыр. Акыл эси ордундагы адам бүгүнкү коомдо да Кокон хандыгын эңсемек беле?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ