Menu

Текшерүүдөн кийин аэропорт кыймылдай баштады

Бөлүшүү:

Премьер-министрдин күтүүсүз визитинин жыйынтыгыбы же аэропорттогулардын уяты «ойгонуп» кеттиби, айтор Эл аралык «Манас» аэропортуна мумкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тепкичтерге атайын жабдуулар орнотулду. Мындай аракеттер майыптардын аэропорттун ичинде ээн-эркин жүрүүсү үчүн жасалууда. Атайын жабдуулар аэропорттун экинчи кабатынан үчүнчүгө көтөрүлүп түшүү үчүн орнотулган. Ошондой эле башка жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн ар бири 1000 килограммга чейин жүк көтөрө алчу эки лифт коюлган. Ал эл аралык стандартка жооп берет. Эми мындан ары мурдагыдай кезек күтүүлөр болбойт. Аэропорттун залдарында да өзгөрүш бар. «Жакшы ат камчы салдырбайт» дегендей ушундай жумуштарды текшерүүгө чейин эле жасай берсе болбойбу не?! Башкалардын да кызматынын жыйынтыгын көрүү үчүн премьер-министр сөзсүз жумуштарын таштап коюп, ар күнү таң атпай текшерип турушу керекпи же?!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: