Menu

АКШ “Мыйзамдагы ууруларга” каршы санкция киргизди, алардын ичинде Камчыбек Көлбаев, Алимжан Тохтахуновдор бар

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-декабрда  АКШнын Финансы министрлиги Евразиялык трансулуттук “Мыйзамдагы уурулар” аталышындагы кылмыштуу  уюмдун 10 мүчөсүнө санкция киргизгендигин жарыялады. Бул тууралу “Би-Би-Си” бүт дүйнөлүк жаңылыктар кызматы жазып чыкты.

Өзүн “Мыйзамдагы ууру” деп атаган же “Мыйзамдагы уурунун” атынан аракеттенгендиги үчүн кара тизмеге киргизилгендердин арасында Камчыбек Көлбаев, Захарий Калашов, Василий Кристофоров, Лаша Шуханашвили, Владислав Леонтьев, Юрий Пичугин жана Владимир Тюриндер бар.

“Мыйзамдагы ууруларга”  материалдык жардам көрсөтүп тургандыгы үчүн олигархтар Алимжан Тохтахунов, Гафур Рахимов жана Рубен Татуляндарга да санкция киргизилди. Ошондой эле Татуляндын Сочидеги “Весна” отели менен “Новый Век Медиа” ишканасы да кара тизмеге түшкөн.

“Санкция АКШга жана анын союздаштарына коркунуч туудурган  трансулуттук кылмыштуу уюмдардын каржылык структураларын талкалоо үчүн киргизилди” деп жазылат АКШнын финансы министрлигинин билдирүүсүндө.

“Мыйзамдагы ууруларды” АКШ мурунку Советтер Союзунун, Европанын жана Кошмо Штаттардын аймагында арам акчаларды адалдоо, мыйзамсыз акча талап кылуу, паракорчулук жана талап-тоноо менен алектенген ири кылмыштуу уюм катары мүнөздөйт.

АКШ америкалык жарандарга бул аты аталган физикалык жана юридикалык жактар менен каржылык же башка операцияларды жүргүзүүгө тыюу салат, АКШнын аймагындагы алардын бардык активдерин тоңдурат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: