Menu

Чүй облусундагы имамдар бирдиктүү формага өтүшөт

Бөлүшүү:

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов Чүй аймагындагы бардык имамдарга бирдиктүү форма кийүү тапшырмасын берди. Мындай маалыматты КМДБнын басма сөз кызматы жарыялады.

Бул тууралуу облус казысы Москва районунун администрациясынын жыйындар залында өткөн имамдардын отчеттук жыйынында билдирди. Облус казысынын айтымында бирдиктүү формага өтүү боюнча аймактагы имамдар колдоого алышып, 17-январда Сокулук районунда дин кызматкерлерине өтүүчү облустук жыйында ар биринин кийим өлчөмдөрү алынмакчы. Ошондой эле облус казысы имамдар мындан аркы жыйындарга милдеттүү түрдө форма кийип келүү талабы коюлуп, бул казыят тарабынан көзөмөлдөнөөрүн билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: