Menu

Мамкаттоону жарга кептеген мажирөө жетекчи Догоевге чара көрүлбөйбү?

Бөлүшүү:

Өкмөткө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп 31 жаштагы Дастан Догоевдин келгенине бир топ убакыт өттү. Бул жигит аталган тармакка келээрде апендинин кызындай эле макташкан. «Эми башы укмуш иштейт, билим деген ушунда, бул тармакты жыргатат» -дешсе айтылуу Арзымат тирүү болгондо оозунан алласы учкан абалда калмак эле. Ооба, билимдүү экен. 2007-жылы Лондон Кавендиш колледжинде «Бизнести башкаруу» адистиги, 2008-жылы Кингстонск университетинен «Бизнести башкаруу» адистиги, бакалавр. Ал эми 2009-жылы квалификациясын жогорулатуу максатында: «Алдын ала түзүлгөн программа», «ХАССП-тын алдын ала беш баскычы», «ИСО 2000-2005тин жети шарттуу процедурасы» курстарын окуптур. Ошондо мунуң дагы бизнесмен болуп чыгабы?.. Албетте, битин сыгаары анык. Ал эми эмгек тажрыйбасына келсек, 2012-2014-жылдары долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы, Каржы министрлигинин алдындагы «Инфо-система» мамлекеттик ишканасынын мекемени өнүктүрүү жетекчисинин орун басары, анан шап эле секирик жасап 2014-жылдан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары, анан эле 2017-жылдын 22-июнунан тарта өкмөт башчынын чечими менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Догоев өзү жетектеп олтурган тармак боюнча атайын адис эмес. Деги биз качан анык адистерди көрө алабыз? Мейли, адистигине асылбайлы. Дастан Давлетович аталган кызматка келгенден бери эмне иш кылып жатканын ким айтып бере алат? Туура, жаштар келсин деген пикирди биз деле айтабыз. Бирок, тажрыйбалуу болсо, өз ишин мыкты билсе гана. Ал эми Догоев деген эргул ансыз да ааламга кадыры кетип, жасалма паспортту пачкелеп чыгарган өлкө деген атка конуп атканыбызга өзгөчө салым кошуп атканына не дейбиз. Аталган паспорт жасоо жаатында оңбогондой «пул» ойноору мурда деле айтылып жүрчү. Бизнести «биттейинен» окуп-жаттаган Догоев бул жерден ошол теориясын практикалап жатканын тизгиндээр бирөө барбы? Мамлекеттик каттоо кызматы абдан чоң тармак экенин билебиз. Анан ошондой чоң тармакты өз ишин билбеген, мажирөө, тажрыйбасыз Догоевге жетектетип койгонубуз кандай?! Кеч болуп кала электе чара көрбөйлүбү?.. Бул боюнча дагы токтолобуз. Айтмакчы, Дастан мырза айтылуу Өмүрбек Бабановдун көздөй кадры. «Шефин» тартса далайды сыздатат го.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: