Menu

Жалал-Абад казыяты имамдардын билим деңгээлдерин жогорулатууну улантууда

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун иш мерчемине ылайык Жалал-Абад облусунун аймагындагы имамдардын жана студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу иш чарасы уюштурулуп, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарынын имамдары үчүн Таш-Көмүр шаарындагы Амир Хамза ислам институтунда түшкө чейин, ал эми аталган институттун студенттери үчүн түштөн кийин өткөрүлдү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Окуу семинарында  облус казысынын орун басары Алибек ажы Батыралиев даарат жана жамаат менен намаз окуунун пайдалары туурасында кеңири маалымат берип, алдын ала даярдалган маалымат баракчаларды таратты. Окутуу иш чарасынын алкагында имамдар өздөрүнүн суроолорун беришип, ар бирине Алибек ажы Батыралиев маалыматтык толуктоо ирээтинде жооп берди. Ал эми түштөн кийин казынын орун басары Алибек ажы Батыралиев “Амир-Хамза” ислам институтунун студенттери менен жоолугушуп, аларды илимге кызыктырып, пайдалуу кеңештерин берип, өзүнүн илим алуудагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.  Бул жолугушууга 35 студент, 10 мугалим катышты.  Ал эми Таш-Көмүр шаарынан бир имам себептүү келбей калгандыктан маалыматты толук жеткирүү милдети Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Мураталы ажы Мансуровго милдеттендирилди.

Эске салсак, “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата имамдардын билим деңгээлин, маданияттуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган окуу семинарынын ырааттамасы облус казысы тарабынан бекитилип, Ноокен районунан 40 имам, Майлуу-Суу шаарынан 2 имам жана Базар-Коргон районунан 70тен ашык имам катышып, Жалал-Абад шаарынан 30 имам жалпысынан 141 имам өз билимдерин жогорулатышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: