Menu

Олжобай Шакир, жазуучу: “Анчалык намысыңар бар экен, 6 жылдан берки адилетсиз бийликтин аракеттерине кантип жол берип отурасыңар?”

Бөлүшүү:

“Колунан эч нерсе келбегендер улутчул болот” дечү эле ыраматылык Салижан Жигитов. Мына, улутчулдук сезимибиз ушунча пас экен: эми минтип Ит жылы келатканы үчүн калпакты иттин башына кийгизген көрүнүшкө улутчул сезими дүрт жангандардын намысы козголуп туру. Намыс коргоп, намыс талашкандын башка чарасы жокпу кыргызга?! “Анчалык намысыңар бар экен, 6 жылдан берки адилетсиз бийликтин аракеттерине кантип жол берип отурасыңар?” деген киши жок бүгүн… Жөн эле кылдан кыйкым издеген улутчулдуктун да чеги болуш керек ко. Улутчул бол, бирок рационалдуу улут бололучу, айланайындар….

Азыр ит кийген калпакка да татыксыз кыргыз тукуму канча? Ошолордо ар-намыс болсо ушунчалык деңгээлге жетет беле улутубуз?! Жөн эле жер сабап улутчул болуудан мурда ак калпагыбыздын алдындагы аң-сезимибиз, илим-билимибиз жогуна ардансак кана? Анча намыстангандарга айтаар кеп: жыл сүрүүдө чочко, ит, мышык, маймыл… жана башка жан-жаныбарлардын аталышы толтура. Бу жерде Кумайык баласы ит деле Манас атадан бери кыргыз түшүнүгүндө анчалык жат сезим жаратар жандык эмес. Ат, ит адам баласынын эң ишенимдүү жолдошу… Андыктан башка улуттун өкүлү башына калпак кийгизилген ит менен сүрөткө түшүп койгонуна чуу жаратканыбыз – кыргызга намыс алып келбейт…

Олжобай Шакир

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: