Menu

Фото – Кыргызстандык студент Манасбек Максутовдун даректүү фильми Түркияда өткөн сынакта 1-орунду жеңип алды

Бөлүшүү:

22-декабрда Түркияда окуган чет элдик студенттер арасындагы ыр жана аңгеме жазуу, кыска метраждуу фильм тартуу боюнча сынакта Түркиянын Кайсери шаарында магистратурада окуп жаткан мекендешибиз Манасбек Максутовдун кыска метраждуу даректүү фильми биринчи орунду жеңип алды. Бул тууралу Кыргызстандык Студенттер платформасына таянып, Манасабек Максутов өзү билдирди.

Манасбек тарткан кыска метраждуу фильмде Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер баса белгиленген. Манасбек менен катар Буркина Фасо, Индонезия, Бангладеш, Афганистан, Сирия, Азербайжан мамлекеттеринен келип билим алып жаткан студенттер да байгелүү орундарга жетишти.

Манасбек Максутовдун фильми “Түркия – биздин да өлкөбүз” деп аталат да 4 мүнөткө созулат. Түркияда окуган чет элдик студенттердин арасында уюштурулган бул иш-чаранын сыйлык тапшыруу аземине Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын уулу, Бүткүл Дүйнөлүк Этно Спорт Конфедерациясынын  башчысы Нежметтин Билал Эрдоган, Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо Министри Ахмет Демиржан жана Түркия Республикасынын Улуу Мажилисинин бир катар депутаттары катышышты.
Кыска метраждуу фильм тартуу боюнча 1-орунду багынткан мекендешибиз Манасбек Максутовго сыйлыкты Түркия Республикасынын Президентинин уулу, Бүткүл Дүйнөлүк Этно Спорт Конфедерациясынын  башчысы Нежметтин Билал Эрдоган өз колу менен тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: