Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 31 жаштагы кичүү кызы Шахноза Умарова жаңы эле ачылган Мектепке чейинки билим берүү министрлигине жооптуу кызматка кызматка дайындалды. Бул тууралу өзбек тилдүү ММКлар жазып чыгышты.
Мектепке чейинки билим берүү министрлиги президент Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен жакында эле, мындан 3 ай мурун, 30-сентябрда ачылган.
Шахноза Умарова атасы Мирзиёев президент болгонго чейин Түштүк Кореяда үй кызматындагы аял болуп жашаган. Анткени күйөөсү Отабек Умаров кайнатасы президент болгонго чейин Өзбекстандын Түштүк Кореядагы консулдугунда иштеген. Азыр Отабек Умаров Өзбекстандын Президенттик коопсуздук кызматынын башчысыынын орун басары жана жеке жан сакчысы болуп дайындалган.
Ал эми президенттин улуу кызынын күйөөсү Ойбек Турсунов Президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеп жатат.
Шавкат Мирзиёевдин быйылкы Кыргызстанга жасаган сапарында Отабек Умаров кайнатасынан жанынан жарым карыш чыкпай кайтарып жүргөнүн кыргыз журналисттери да сүрөтү менен кошо жарыялашкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ