Уфа шаарында 20-декабрь күнү 26 жаштагы өзбек мигранты мурда бирге жашап жүрүп, таарынышып кеткен 23 жаштагы сүйгөнүн кызганганынан улам союп салган. Күбөлөрдүн айтуусунда дүкөнгө кирген 23 жаштагы кыздын артынан кирген жигит кызга бир букет гүл сунган. Кыз гүл алуудан жана мындан аркы мамиледен баш тартканда кызганычтан жигит кызды бычактап кирген. 17 жолу бычак жеген кыз жан таслим болгондон кийин жигит колундагы бычагы менен өзүн-өзү көкүрөккө сайгылап, өзүн өлтүрүүгө аракет кылган. Натыйжада кыз ошол жерде жан берип, жигит оор абалда ооруканага жеткирилген. Уфа шаардык милициясы адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, азыр иликтөөдө.
Кыз менен жигит интернеттен таанышып, бир жылдай сүйлөшүп жүрүшкөн. Бир ай мурун гана алар биринчи жолу жолугушуп, бир нече күн бирге жашап көрүшкөндөн кийин кыз кетип калган. Жигит кызга ага күйөөгө чыгууну сунуш кылганда кыз баш тартып, кача баштаган.
https://www.youtube.com/watch?v=keikFF2dsL0
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ