Menu

Түркияда 2700дөн ашык мамлекеттик кызматкер иштен бошотулду

Бөлүшүү:

Түркияда мамлекеттик кызматтарда иштеген дагы 2756 киши террордук топко байланышы бар деген жүйө менен иштен бошотулду.

Өкмөттүн 24-декабрда жарыяланган чечимине ылайык, кызматтан алынгандардын 637си аскердик кызматкерлер, 360ы жандармерия өкүлдөрү, 150дөйү илим жаатында иштегендер, калганы университет кызматкерлери болгон.

Түрк бийлиги 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетин АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлен жана анын кыймылы уюштурду деп ишенет. Гүлен бул дооматтарды четке каккан.

Төңкөрүш аракетинен бери Түркияда Гүлен кыймылына байланышы бар деген шек менен 110 миңден ашуун адам иштен айдалып, 50 миңдейи камакка алынган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары президент Режеп Тайып Эрдоганды төңкөрүш аракетинин шылтоосу менен сынчыл көз караштагы адамдарды бутага алып жатат деп айыптап келишет. Эрдоган жана анын тарапкерлери Гүлен кыймылынын коркунучун алдын алуу үчүн тазалоо аракети зарыл деп жооп кайтарууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: