Menu

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун жашоочусу өзүнүн короосундагы итти атып өлтүргөн тасма айрым социалдык тармактар менен маалыматтык агенттиктерде тараган. Бул окуяда жигит өзүнүн ырайымсыз кылган мамилесине кубанганын жашырган эмес.  Ал  эми коомчулукта  кызуу талкуу жаралган. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ОИИБи тарабынан окуя боюнча ыкчам териштирүү иштери жүргүзүлүп, алдан ала маалыматтар боюнча тасма ушул жылдын сентябрь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгондугу аныкталган. 20 жаштагы А.Ш. аттуу жаран өзүнүн ырайымсыз кылган мамилесин “Алабай” пародасындагы итинин ооруп калгандыгына, досун тиштегендигине жана тоокторго кол салгандыгы үчүн жасагандыгын түшүндүргөн.

Ал эми “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы атасына тийиштүү болгон. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө ок атуучу куралды колдонуу жана каттоо мөөнөтү (ушул жылдын декабрь айынын башына чейин гана болгон) өтүп кеткендиги аныкталган. Топтолгон материалдардын негизинде Жала-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарбынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (жаныбарларга ырайысыз мамиле кылуу) менен кылмыш иши козголуп, азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: