Menu

Түркмөн бийлиги пахтачылардын акчасын бере элек

Бөлүшүү:

Түркмөн бийлиги быйыл пахта түшүмүнүн аз болгонуна нааразы. Бул арада айрым фермерлер мамлекет азыркыга чейин “ак алтын” үчүн акча төлөп бербей жатканын айтышууда.

Дашогуздук фермерлер “Азаттыктын” түркмөн кызматына мамлекетке өткөргөн пахта буласы үчүн эмдигиче акчаларын алыша электигин маалымдашты.

Ноябрдын соңунда президент Гурбангулы Бердымухамедов пахта түшүмүнүн аз жыйналганына нааразы болуп, бир катар жергиликтүү аткаминерлерди жумуштан бошоткон.

Бул арада фермерлер бийлик өз милдеттенмелерин аткарган эмес деп билдиришүүдө.

“Пахтаны шашылыш түрдө начар иштетилген жерге септиришти. Начар үрөөндөн улам, дээрлик бардык аймактарда пахта чыкпай калды. Анан кайра үрөөн себүүнү талап кылышты. Натыйжада айдап-себүү иштери жайга аз калганда араң бүттү”, – деди дыйкандардын бири.

Фермерлердин айтымында, пахта чыкканда минералдык жер семирткичтер керек болгон, бирок азот убагында табылбай, анын ордуна жазда колдонулуучу жер семирткичти августта араң беришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: