Menu

Зилалиев “бомба жарылат” дегендей апенди беле?

Бөлүшүү:

Дүйшөнбек Зилалиев жаңы президенттин ант берүү күнүндө ИИМ академиясынын курсант кызына “бомба жарылат” деп айткан деген маалыматты тактабай туруп уруп салгандар көп болду.

Зилалиев өз кесиби боюнча милиция кызматкери, көп жыл ушул тармакта иштеп, тажрыйба топтогон кадр катары  “бомба жарылат” деп тамаша кылган дегенге ишенүү кыйын болуп турат. Ал өзү айткандай курсант кыздын формасын айтса, үшүп калган кыз форманы бомба деп угуп алган чыгаар.

Кыргызда “Катын ушак айтпайт, каңырыш угат” деп айтат эмеспи, форма кийген кыз дагы каңырыш угуп алса керек. Жогорку кызматтагы Зилалиев курсант кызга тийишип, “бомба жарылат” деп жаш баланын оюнун ойногудай апенди эмес да. Курсант кыздын “бомба жарылат деп Зилалиев айткан” деген маалыматынан кийин кылмыш иши козголгон.

 

Дүйшөнбек Зилалиевдин жигиттигин да айтып коюш керек го. Ал көпчүлүккө окшоп, актанып чыкпай “Бул такталбаган маалымат жеке өзүмдүн кадыр-баркыма доо кетирди, бүтүндөй Өкмөткө көлөкө түшүргөндөй болду. Кылмыш иши иликтенип бүткүчө отставкага кетем” деп билдиргени жигиттик эмеспи.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: