Menu

5 млн сомдук өкүмдөр бир күндө чыкканы табышмак болууда

Бөлүшүү:

Узап бараткан жылдын акыркы айы окуяларга бай болду. Айрыкча саясатта жүргөн адамдар аралашкан иштер менен. Тапандай болуп такылдаган Шыкмаматов көптөрдүн шаштысын кетирип жатты эле. Анын да үнүн басуу үчүн эптеп илинчек таап, кылмыш ишин токуй коюп, сотко жеткизип алып, кандай чечимди чыгарууну билбей, баштары катып атты эле, акыры ага 5 млн сом айып пулду мамлекеттин казынасына төлөп коюп, эркин жүрө бер дегендей кылышты.

Карганбек Самаков, Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиевге козголгон кылмыш иши  да жыл айланып, аягына чыкпай жатты эле, аларга дагы Октябрь райондук соту  Шыкмаматовго өкүм чыккан күнү  чечимин чыгарды. Карганбек Самаковду 10 жылга эркинен ажыратса, Чудинов менен Айдаралиевге 5 млн сомдон айып пул салынды. Үч саясий ишмерге бир күндө бирдей өлчөмдөгү айып пул салынган соттун өкүмү чыгып жатканы жөн гана дал келүүбү же жогор жактагылар эки ишке бир убакта, бирдей чечим жазганбы?

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: