Эң негизги окуя бул президенттик шайлоо болду. Таза шайлоо өтүп, эч кандай талаш-тартышы жок жаңы президентке ээ болдук. Андан тышкары кыргыз-казак чек арасындагы болгон жагдайларга карабай, бизде эң чоң өсүш болуп жатат. Жыл жыйынтыгы боюнча алты пайыздын тегерегинде өсүш билинди. Мындайча айтканда экономикада жылыш бар. Жеңил өнөр жай бизде 13% өсүп жатат.
Россия тарап Кыргызстан тараптан азык-түлүк товарларды 2016-жылга караганда он эсе көп алып жатабыз деп айтып жатат. Кудайга шүгүр, Өкмөт иштеп жатат, кышка даярдык жакшы, айлыктар өз убагында төлөнүп жатат. Мындайча айтканда баары жайында. Ушундай жакшы көрсөткүчтөр менен 2017-жылды жыйынтыктап жатабыз.
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ