Menu

Мамбетжунус Абылов: Жумушсуздук, мурдагыдай эле элдин кендири кесилип турган учур

Бөлүшүү:

Кыргызстанда эң чоң жетишкендик,  президенттик шайлоо өттү. Бул кыргыздын тарыхында мөөнөтү аяктап бара жаткан президент кайра ордунда калууну көздөбөй, шайлоо болгонун чоң саясий окуя деп кабыл алсак болот. Шайлоо кандай өттү дегендин ар кандай коментарийлери бар. Бирок, жаңы шайланган президент демократиялык негизде такка олтурду десек болот.

Экинчиси, менин оюмча Кыргызстан менен Казакстандын абалы оор болуп кеткени жалпыга белгилүү. Бул тирешүү өтө жаман нерсе менен бүтүп калуусу мүмкүн эле. Себеп дегенде, Кыргызстандын түштүк тарабында ар кандай кагылышуулар бар экенин билесиңер. Түндүк тарабында казак менен кыргыздын ортосунда абал оор болуп кетти эле, жаңы келген президент келер замат ушул маселенин узарып кетишине жол бербей, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин тилин тапканга жетишти. Мына азыр кыргыз-казак ортосунда мурункудай жакшы алака пайда болуп келе жатат десек болот.

Бүгүнкү күнгө чейин чек ара ачылбай турганда өлкө ичинде ар кандай саясий кырдаалдар пайда болушу мүмкүн болчу. Андан башка экономикалык жактан жетишкендик жок. Жумушсуздук, мурдагыдай эле элдин кендири кесилип турган учур. Социалдык жактан жетишкендик болду деп айтуу кыйын. Жаңы президент келди, эми жыл жаңырган соң жаңы кадамдар байкалар деген ойдомун. Калганын келечек көрсөтөт.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: