Menu

Президент Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда расмий  сапар менен Казакстан Республикасына  барды.

Астана шаарындагы эл аралык аэропортто Кыргыз Республикасынын Президентин Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Аскар Мамин,  Казакстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаев, Астана шаарынын акиминин орун басары Аскар Амрин,  Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын  иштери боюнча  убактылуу ишенимдүү өкүлү Кайнар Токтомушев тосуп алышты.

Астана шаарындагы эл аралык аэропортунда ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен тар жана кеңири  курамда жолугушуулары пландаштырылган. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана ЕАЭБдин алкагында  кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт. Сапардын жыйынтыгы  менен  бир катар документтерге кол коюлат, Мамлекет башчылары  биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Расмий сапардын алкагында  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу  дагы болжолдонгон.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: