Узап бараткан жыл карапайым үй-бүлөлөргө капысынан кайгы алып келген каргашалуу окуя менен эсте калды. 2017-жылдын 16-январында таң сүрө электе болгон авиа кырсык 39 адамдын өмүрүн алган, алардын арасында жашы жете элек балдар да бар болчу. Кырсыкка учураган учактын алдында калгандар “Манас” эл аралык аэропортунан 2 чакырым алыс турган Дача-СУ айылынын тургундары эле. Түркия аба жолдоруна тиешелүү болгон “Боинг” жүк ташуучу учагы Гонконгдон Стамбулду карай жүк ташып бара жатып, Бишкектен күйүүчү май куюп алуу үчүн кономун деп коно албай, Дача-СУ айылындагы турак үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн.
Бул каргашалуу окуяга алгач күбө болушкан жергиликтүү тургундардын айтуусуна караганда авиа кырсык эртең мененки саат 7ден 15 мүнөт өткөндө болгон. Кырсыктын кесепетинен 20дан ашык үйлөр жарактан чыккан. Кырсыктан каза болгон 39 адамдын 35и жергиликтүү тургундар болсо, төртөө учактын экипаждары эле. Булардан тышкары жүздөн ашуун адам жаракат алышкан. Учактагы жүк дагы табышмактуу бойдон жандырмагы табылбай кала берди. Жүктүн чыныгы ээси ким экендиги эмдигиче ачыкка чыкпай келет. “Ата-Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев жүк мурунку ажо Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык болгон деп айтып чыккан.
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ