Menu

Сооронбай Жээнбеков Казакстанда Назарбаев менен кеңири курамда жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  менен Казакстан Республикасынын  Президенти Нурсултан Назарбаев кечээ, 25-декабрда кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Кыргызстандын Президенти  Сооронбай Жээнбеков  Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге  Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар  Кыргызстандын салттуу достукка, жакшы коңшулаштыкка жана бир туугандык мамилелерге негизделген   кыргыз-казак  кызматташуусун мындан ары бекемдөөгө даярдыгын ырастап тургандыгын белгиледи.

“Тар курамда жолугушуудагы сүйлөшүүлөрдө биз көп маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетиштик жана аларды чечтик . Биз өлкөлөр ортосундагы достук,  бир туугандык өз ара мамилелерди чыңдоого бардык күч аракетибизди жумшайбыз”, -деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Казакстан Кыргызстандын негизги соода  өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.  2017-жылдын январь-октябрында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 743,2 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19% өскөн. “Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу  товар жүгүртүүнү жана соода-экономикалык байланыштарды  өстүрүү мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Жол картасына кол коюлду, ушуга байланыштуу министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү тапшырмалар берилди, бул багыттагы иштер активдештирилди. Биз  бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз деп ишенебиз”, -деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ошону менен бирге чек ара, фитосанитардык, ветеринардык, бажы, салык көзөмөлү, автотранспорттук ташуулар маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи.

“2017-жылдын 1-декабрынан тартып Казакстан тарап  темир жол жүктөрүн ташууда Казакстандын территориясынан Кыргызстандын түштүгүнө жана кайра артты карай багытта унификацияланган тарифтерди  колдоно баштагандыгына канааттандык”,- деди Сооронбай Жээнбеков.

 

Ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда  Чолпон-Ата – Алмата автожолунунун курулушу боюнча долбоору боюнча Макулдашууну кароону жана кол коюуну тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев  кыска мезгилдин аралыгында Кыргызстандын Президенти  Сооронбай Жээнбеков менен эки ирет жолугушуп, көптөгөн маселелерди чечүүгө жетишкендигин белгиледи. “Менин чакыруум боюнча Казакстанга  расмий сапар менен келгениңизге ыраазычылык билдирем. Быйыл өлкөлөрүбүз дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатышат. Бизди көп кылымдар бою калыптанган достук байланыштырып турат. Биздин мамилени – түбөлүк достук жана стратегиялык өнөктөштүк  деген эки сөз мыкты мүнөздөйт. Биз өз ара мамилелердин жаңы барагын ачабыз деп ишенем. 25 жылдын аралыгында  мамлекеттерибиз 150дөн ашуун документтерге кол коюшкан. Казакстандын мындай документтер базасы Кыргызстандан башка бир дагы  өлкө менен  түзүлгөн эмес. Мен бардык маселелерди чечүүгө жана келечекке умтулууга даярмын”,- деп баса белгиледи Президент Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын Мамлекет башчысы эки элдин ортосунда чечилбей турган эч кандай маселе  жок экендигин белгиледи. «Казакстан Кыргызстандын экономикасына 650 миллион доллар салган Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөшү. Биз ЕАЭБнин алкагында чече турган, ошондой эле  аймактык жана саясый  көптөгөн маселелерди карадык. Өкмөттөрүбүз  өлкөлөр ортосундагы бардыгыбызды тынчсыздандырган бардык маселелерди чечүү үчүн абдан чоң жумуш жасады»,-деп баса белгиледи Нурсултан Назарбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: