Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-декабрда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барат.
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы аймактын бир катар өнөр жай жана социалдык обьектилерин кыдырып, алардын иши менен таанышат.
Тактап айтканда, Премьер-министр Жалал-Абад шаарындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК, Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызмунайгаз» ААК жана Майлуу-Суу шаарындагы «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышмакчы.
Мындан тышкары, Сапар Исаков Жалал-Абад мамлекеттик университетине жана Жалал-Абад шаарындагы балдар психоневрологиялык стационардык мекемесине барат.
Буга катар Өкмөт башчы Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дайрасынын жээгин чыңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ