Menu

Өкмөттө Бишкек шаары үчүн автобустарды алууну каржылоону уюштуруу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө кечээ, 25-декабрда, Бишкек шаарынын муктаждыктары үчүн автобустарды алууну каржылоону уюштуруу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документке шаар мэри Албек Ибраимов, «Газпром Кыргызстан» ЖЧК Башкы директору Болот Абилдаев, «Газпромбанк» АК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары  Дмитрий Зауэрс, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек Абжапаров жана «Эксар» АК кардарлар иши боюнча башкаруучу директору Никита Гусаков кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков жана «Газпром» ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары  Виталий Маркелов катышты.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы белгилегендей, Бишкек шаарына жаңы автобустар 2018-жылдын жаз айларынын соңунда алынып келинет.

Премьер-министр «Газпром» ААК жетекчилигине жана Бишкек мэриясына аталган Меморандумду даярдоого жана кол коюуга жумшаган күч-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.

«Аталган долбоордун өзгөчөлүгү – сатылып алынган автобустар метан газы аркылуу жүрөт, ага жараша биз абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгарылышын төмөндөтө алабыз», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр кабыл алынган кадамдар Бишкек шаарындагы экологиялык жана жол коопсуздугунун абалын жакшыртууга мүмкүндүк берээрин өзгөчө белгиледи.

Алгачкы баскычта 350 автобус сатылып алынат. Сапар Исаковдун айтымында, алар Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө пайда болуп, борбордогу кичи автобустар ырааты менен шаар четине багытталат.

Премьер-министр белгилегендей, Бишкек шаардык мэриясы тарабынан борбордогу автобустардын санын жогорулатуу боюнча иштер улантылат. Мындан тышкары, жаңы автобустарды Wi-Fi,  электрондук билеттештирүү (карточка тутуму) менен жана мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын ыңгайлуулугу үчүн жабдуу пландаштырылууда.

Буга катар Өкмөт башчы белгилегендей, инвесторлордун катышуусунда жаңы автобустарды метан газы менен камсыздоо үчүн жетиштүү сандагы тийиштүү инфраструктура түзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов маалымдагандай, муниципалитет тарабынан борбор тургундарынын ыңгайлуулугун жогорулатуу жана ташуулардан түшкөн кирешенин ачыктыгы үчүн жол кире төлөөнүн электрондук тутумун киргизүү боюнча Россия Федерациясынын тажрыйбасын иликтөө жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаары үчүн автобустарды алууну каржылоону уюштуруу жөнүндө Меморандум автобустарга акча каражаттарын алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан муниципалдык баалуу кагаздардын чыгарылышын жана жайгаштырылышын түшүндүрөт.

Долбоордун жалпы наркы 50 млн АКШ долларын түзүп, анын 30 млн АКШ доллары «Газпромбанк» АК тарабынан жана 20 млн АКШ доллары Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Бишкек шаарынын мңэриясы тарабынан чыгарылган облигацияларды сатып алуу жолу аркылуу каржыланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: