Menu

Айыл өкмөт башчыларын, мэрлерди шайлоодо кворум үчүн көпчүлүк депутаттардын болушу жетиштүү деп сунушталууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевдин билдиришинче, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчысын (шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын) шайлоодо айрым фракциялар жана депутаттык топтор саясый көз караштарынан жана жеке кызыкчылыктарынан улам байкот жарыялоо аркылуу атайылап кворум болтурбай койгон учурлар бар. Муну менен алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учуратышат. Бул жагдайга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо үчүн талап кылынган депутаттардын минималдуу санын аныктоо сунуш кылынууда. Сунушталган мыйзам долбоорунун негизинде кворум үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ордуна көпчүлүк депутаттардын катышуусу зарыл.

Талкуу жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев, Кенжебек Бокоев жана Иса Өмүркулов мыйзам долбооруна карата өз сын-пикирлерин билдиришти. Ошону менен катар Юстиция министрлиги баардык укуктук-ченемдик актылар так, түшүнүктүү жана ар кандай чечмеленбегендей кылып аракеттеги мыйзамдык базага дыкат талдоо жүргүзүүсү керектигин белгилешты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: