Menu

Видео – Өзбек медиасы биринчи жолу шайлоо учурундагы бурмалоо тууралуу маалымдады

Бөлүшүү:

Өзбек басылмалары биринчи жолу Райондук кеңештин элдик депутаттарын шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу жазды. Саясий өнөктүк 24-декабрда өткөн. “Шайлоо учурундагы көз боёомочулук!” деген аталыштагы макала Kun.uz порталында жекшемби күнү жайгаштырылган.

Кийинки күнү материал вебсайттан алынып салынган, бирок анын көчүрмөсү сакталып калган.

Басылма Ташкенттеги эки шайлоо тилкелесинде жапырт түрдө бюллетендерди урнага таштоо учурлары тартылган видеону жарыялаган. Тасманы азыр дагы Ютубдан көрүүгө болот.

“Видеодо элдер бюллетендерди туугандары жана достору үчүн урнага таштаганын көрүүгө болот. Алар шайлоо тилкелерине бир нече паспорттор менен келишкен. Мындан тышкары жергиликтүү жамааттын өкүлү экинчи номурдагы талапкерге – Жамолов Гафурга добуш берүүнү айткан”, – деп жазылган макалада.

Портал мындан тышкары жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн сынга алып, БШКнын отчетторунун чын экенинен күмөн санаган.

Өзбекстандын өкмөттүк басылмалары шайлоо “демократиялык стандарттардын” негизинде өткөнүн, мыйзам бузуулар болбогонун белгилешүүдө.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына шайлоо Ташкентте акыркы 14 жылдан бери биринчи жолу өттү. Алгач ирет электрондук бирдиктүү эсептөө системасы колдонулду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: