Menu

Москвада автобус жүргүнчүлөрдү тебелеп кетти

Бөлүшүү:

Москвада автобус жер алдындагы өтмөктө жөө жүргүнчүлөрдү тебелетип кетти. Расмий маалыматтар боюнча 4 киши мерт болду, 11и жаракат алып, алардын ичинен 9у ооруканага жаткырылды.

Окуя “Славян бульвары” метросуна жакын жерде, Кутузов проспектисинде болду. Автобустун айдоочусу кармалды. Сурак учурунда ал аварияга кабылган автобусту дүйшөмбү күнү биринчи жолу айдаганын айтып берди. “Колумду ручниктен алган маалда автобус жүрүп кетти. Аны токтотуу үчүн бардык аракетимди жасадым. Автобустун коробкасы автомат, андыктан эч нерсе кыла албадым”, – деген айдоочу.

Полиция окуянын эки версиясын карап жатат. Алардын бирине ылайык, айдоочу башкарууну жоготуп койгон, экинчиси боюнча автобус бузук болгон. Мамлекеттик “Мострансавто” ишканасы автобус 2017-жылы чыкканын, айдоочунун 30 жылдык тажрыйбасы бар экенин билдирүүдө.

Бул окуядан кийин Кутузов проспектисиндеги бардык жүргүнчү автобустар текшерүүдөн өтүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: