Menu

Жаңы жылга чиновниктердин балдарына миллион, жетимдерге 7 миң сом сарпталат

Бөлүшүү:

Жаңы жыл жакындаган сайын мамлекеттик сатып алуулар порталында мамлекеттик органдардын белек алуу жарыялар да чыга баштады. Ачык маалыматтарды колдонуу менен аткаминерлер балдарына жана жетимдерге кандай белек кылышаарын салыштырып көрүүнү чечтик.

Аткаминердердин балдарына тартуулануучу  момпосуйлар

«Манас» Эл аралык аэропорту өзүнүн кызматкерлеринин балдарына тартуулачу белекке 3,3 миллион сом сарптоого даяр. Ар бир белек кутучасынын баасы 750 сомго айланганы менен, жалпысынан 4 миң 455 даана сатып алынат. Ар бир белектин салмагы 1,2 килограммдан кем болбошу керек жана 80 пайызы шоколад момпосуй болуусу шарт.

Кийинки кезекте «Түндүк электро» ААК турат. Бул мекеме белектерге 2,6 миллион сом сарптайт. Ар бирөөсү 600 сомду түзөт. Жалпысы 4,4 миң белек кутуча алынат.

Ал эми  «Ош шаардык суу каналы» бир аз жөнөкөйлүгүн көрсөтүп  ар бир белек кутучага 500 сом коротмой болду. Ошондой эле Бажы кызматы бир белекке 500 сом болуп жалпысы 111,5 миң сом сарптоого даяр.

Президенттин жана өкмөттүн иштери боюнча башкармалыгы 455 белекке 273 миң сом коротмой    болду. Ар бир кутуча 600 сомго айланып, ичинде 40 момпойсуй-таттуунун түрү болушу зарыл.

Жетимдерге  кандай белектер берилет?

Ачык маалыматтарга таянсак, Жети-Өгүз айыл өкмөтү 17 жетимге жана эки Ата-Мекендик согуш ардагерине белек даярдап жатат. Буга жергиликтүү  бюджеттен 7,6 мин сом сарпалаары  аныкталды.

Ошондой эле Каракол шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 450 даана белек сатып алат. Ар бир белек кутучасына 350 сом сарпташат.

Муну карап туруп өтө эле аша чапкандык эмеспи деген ойго келет экенсиң. “Жетим көрсөң,сылай жүргүн башынан” дегендей Аткаминерлердин балдары жеген кымбат 750 сомдук таттууларды жетимдер жесе жарашпайбы эмне?

Маалыматты «Каганат» сайты жазып чыкты…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: