Menu

Ирина Карамушкина: «Интернетте Сириядагы согушка чакырган жарыялар ачык эле жарыяланууда»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштуу иштерге каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколдун концепциясын жактырды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Интернетте Сириядагы согушка чакырган азыткы жарыялар ачык эле жарыяланып жатканын белгилеген депутат Ирина Карамушкина УКМКны мындай жосундарга каршы айоосуз күрөш жарыялоого чакырды. «Тилекке каршы, натыйжалуу чаралар көрүлгөн жок. Азыр калктын 60 пайызы социалдык түйүндө отурат. Мен андай азгырууларды ачык эле окуп жатам, демек, баары теӊ окуп жатат да», – дейт ал.

Андан тышкары, ушундай эле чараларды көрүүгө багытталган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашуунун концепциясы да жактырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: