Menu

Түркмөнстандын түндүгүндөгү жарандар газсыз калышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Дашогуз облусундагы Болдумсаз райондук Газ чарбачылык башкармалыгы колдонуучулардан 2018-жылга карата газга төлөм жүргүзүү үчүн жаңы дүмүрчөктөрдү сатып алууну талап кылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы өз булактары кабарлашты.

Маалыматка караганда, дүмүрчөктөр бар жаңы китепчелердин баасы – 160 манатты (45 долларды) түзөт.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, бул жаңылык жашоочулардын көбү үчүн күтүүсүз болду. Дашогуз — өлкөнүн эң аз камсыз болгон жана жумушсуздук деңгээли жогору аймактардын бири болуп эсептелет.

Булактын маалымдашынча, жаңы китепчелерди бардык жарандар, анын ичинде мурдагы дүмүрчөктөрү түгөнө электер дагы алууга милдеттүү. “Китепчелерди сатып албаган үй-бүлөлөргө жаңы жылдан кийин газ берүү токтотуларын эскертишти”, – деди ал.

Жергиликтүү тургундар газга, электр энергиясына жана сууга болгон жеңилдиктер жоюлгандан кийин үйлөрдү жылытууда чоң кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыктарын билдиришүүдө. Үй-бүлөлөрдүн көбү коммуналдык кызматтарды пайдаланууда чыгымдарды кыскартууга мажбур болушууда.

“Жакында бизди жакшы эле иштеп жаткан эсептегичибизди санарип жабдууга алмаштырууга мажбурлашты, базарда алардын баасы кымбат. Ай сайын өзүбүздү тонолгон адамдай сезип калып жатабыз”, – деди Гадам аттуу жергиликтүү тургун.

Быйыл Түркмөнстан бийлиги калкка бекер газ, электр энергиясын жана суу берүү боюнча жеңилдиктерди жойгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: