Menu

Аксыда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды

Бөлүшүү:

Аксы районунун Авлетим айылынын 45 жаштагы тургунунун мал сарайында байланып турган эки баш жылкысын түн ичинде уурдап чыгышып, “Портер” үлгүсүндөгү унаага салып, уурдап бара жаткан жеринен жергиликтүү тургундар кармашкан. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Кармалган жарандарды жергиликтүү тургундар Аксы РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө чалышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бул кылмышка шектүү катары Ө.Т. жана К.Б аттуу ушул эле айылдын жашоочулары, ошондой эле 40 жаштагы У.К аттуу айдоочу кармалган. Аларга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Уурулук кылган топтун ичинен бирөөсү үй камагына чыгарылып, ал эми эки шериктеши Аксы РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр жалпысынан 3 жылкы жана 1 үй бодо малдарын уурдагандыгы аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: