Menu

Сапар Исаков: «Кыргызмунайгаз» ААКты мындан ары карай өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу зарыл»

Бөлүшүү:

«Кыргызмунайгаз» ААКты мындан ары карай өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу зарыл», – деп билдирди бүгүн, 26-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарында жайгашкан ишкананы көрүү учурунда. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы «Кыргызмунайгаздын» атайы техникалык паркын карап чыгып, ошондой эле эмгек жамаат менен жолукту.

Сапар Исаков аймакка келгендигинин негизги максаттарынын бири компаниянын көйгөйлөрү менен жеринен таанышуу болгонун билдирди.

«Бүгүнкү күндө жумуш орундарын сактап жана өндүрүш кубаттуулугун жогорулатышыбыз керек. «Кыргызмунайгаз» ААКты инвестициясыз өнүктүрүү мүмкүн эмес. Андан тышкары, ЕАЭБдин нормаларына ылайык, биз мүчө мамлекеттерге көрсөтүлгөн бардык талаптарга жооп беришибиз керек, анын ичинде куйүүчү майды өндүрүүгө тийиштүү талаптар да бар», – деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы мунай жана газ запастарынын канча көлөмү бар экендигин так аныктоо үчүн кошумча геологиялык чалгындоочу иштерди жүргүзүү зарылдыгына көңүл бурду. Ошондой эле «Кыргызмунайгаз» ААК өнүктүрүү боюнча бардык маселелерди деталдуу изилдеп чыгуу керектигин айтты.

«Ал үчүн ири инвестициялар керек, инвестицияларды тартуу улуттук кызыкчылыкты жана заманбап тажрыйбаны эске алуу менен жүрүш керек. Жаңы технологиялар кийрилбесе, «Кыргызмунайгаздын» келечеги болбойт. Жакын арада бул маселе боюнча ири чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Биз өлкөнүн жана анын калкынын кызыкчылыгынын негизинде иш алып барышыбыз керек, атап айтканда, токтоп турган ишканаларды кайра жандандырып жана өлкөнүн аймактарында жумуш орундардын түзүлүшүнө алып келген жаңыларын курушубуз керек. Бул келечекте салык жана башка кирешелердин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет», – деди Сапар Исаков.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы белгилегендей, келечектүү инвесторлор социалдык багыт алып, негизги ишинен тышкары аймактарда жаңы билим берүү жана спорт обьекттерин куруу менен алектенүүсү керек.

Курамында эки миңге жакын кызматкери бар жамаат менен жолугушуу учурунда белгилүү болгондой, «Кыргызмунайгаз» ААК өнөр жай запастары 11,3 млн тонна мунайды жана 4,7 млрд метр куб жаратылыш газын түзөт. Аларды өндүрүү үчүн инвестициялар талап кылынат, анткени, компаниянын жеке каражаттары жок.

Ошондой эле сапар алкагында Премьер-министр Жалал-Абад шаарындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК ишмердүүлүгү менен таанышты.

«Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК президенти  Нурлан Максутов Өкмөт башчыга компания мунайдан жана башка сырьенун түрүнөн мунай продуктуларын өндүрүү менен алектенээрин жана кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтөөрү тууралуу маалымат берди. Бүгүнкү күндө ишкана негизинен продукциянын үч түрүн: бензин, дизель, мазут өндүрөт. Мындан тышкары, продукциянын ассортиментин техникалык жана мотордук май, жол битуму жана кокс түрүндө көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынган. Өндүрүштүк кубаттуулугу – жылына 500 миң тонна мунайды түзөт. Ишканада 192 адам иштейт.

«Кыргызмунайгаз» ААК башкармалыгынын төрагасы Рашит Бостонов белгилегендей, «Кыргызмунайгаздын» туунду компаниясы эсептелген «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын компаниянын өндүрүштүк кубаттуулугун өстүрүүгө тоскоолдук келтирген бир катар көйгөйлөрү бар. Алсак, өндүрүлгөн бензин жана дизелдик отун ЕАЭБ талаптарына жооп бербейт.

Премьер-министр Сапар Исаков абал менен таанышкан соң, компанияны мындан ары өнүктүрүү боюнча тыкыр иш-чаралар планын иштеп чыгууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: