Menu

Депутаттар тобу мектептерди толугу менен 5 күндүк окутууга өткөрүү демилгесин көтөрүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште билим берүү күндөрүн кайрадан ыраатташтырууга багытталган «Билим берүү жөнүндө» КР мыйзамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору өлкөнүн жалпы билим берүүгө мекемелерине аптасына 5 күндүк окуу күнүн киргизүү максатында иштелип чыкканын, ал мектептерде билим берүүнүн сапатын арттыра турганын белгиледи. “Мындай тажрыйба көп өлкөлөрдө бар. Мисалы, коӊшу Казакстанда 5 күндүк окууга Президенттин Жарлыгы менен эле өткөрүлүүдө Айрым мектептер мурда эле пилоттук долбоор боюнча 5 күндүк окутууга өткөн. Ал эми айрым мектептердин сабак жүгүн азайтуу менен, 5 күндүк окууга өткөрсөк болот”, – дейт баяндамачы.

Андан сырткары, 6 күндүк окуу окуучуларга ашыкча жүк болуп келгени, алар аргандай секциялар менен ийримдер сындуу өздөрү кызыккан жана пайдалуу нерселерге катыша албасы, мугалимдердин да сабакка даярдануусуна убакыт тартыш экени, чет тилдерин үйрөнүүгө кошумча сааттар киргизилгени, 5 күндүк окууда алардын маянасы кыскарбай турганы белгилүү болду. Мындай демилгени өкмөт өкүлдөрү да колдоо менен, окуу программасын 5 күндүк окууга ылайык келтирүү чаралары көрүлө турганын билдиришти.

Белгилей кетсек, иштеп жаткан пилоттук долбоорго ылайык, ушу тапта мектептердин 80 пайызы 5 күндүк окутууга өткөн. 159 мектепте окуучулар 3 сменде окуйт. 446 мектепте гана 1 сменде окутулат. Мектепти жылына 60 миӊ окуучу бүтүрөт. Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: