Menu

Кыргызстанда он миң кишиге 21 дарыгер туура келет

Бөлүшүү:

Кыргызстанда он миң адамга 21 дарыгер туура келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев 22-декабрда өкмөт жыйынында билдирди. Анын айтымында, шаар жана айыл ортосунда дарыгерлер менен камсыздоодо географиялык айырмачылык сакталууда. Азыр өлкөдө 13 миң 517 дарыгер жана 34 миң 90 медкызматкер бар. Дарыгерлердин жалпы саны акыркы он жылда 9,8%ке, ал эми орто медициналык билими бар адистердин саны 19,4%ке жогорулаган. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин саны он жыл аралыгында 202ге азайып кеткен. 2005-жылы үй-бүлөлүк дарыгерлер менен камсыздоо 74%ти түзсө, азыр 53%. Ал эми медайымдардын са­ны көп, алар менен ооруканалар 96,5% камсыздалган. Батыралиев кошумчалагандай, Бишкек жана Ош шаарларында дарыгерлер көп. Айыл жерлеринде жана алыскы аймактардагы алардын тартыштыгы кадрдык ресурстар жаатындагы негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон турат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: